• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кырсыкка учураган тик учактын сүрөттөрү

17 Үчтүн айы 2024 14:46 Бишкек Govori.TV

17-январда Бишкекте Достук кичи районуна жакын “Фрунзе-1” авиабазасында Ми-8 аскердик тик учак кулады.

Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, кырсыкта экипаждын мүчөсү каза болгон.

«Жараат алгандардын бешөө реанимацияга жаткырылды, алардын бири өтө оор абалда. Калган төрт кишинин абалы орто деп бааланууда. Дагы эки аскер кызматкери Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылды», — деп жазылат маалыматта.

Министрлик тик учак кырсыгы боюнча кызматтык териштирүү баштады.

Коргоо министрлиги кырсык окуу-машыгуу учурунда катталганын кошумчалады.

Количество просмотров: 713