• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кытай Кыргызстанга 21 миң даана экспресс-тест жөнөттү

3 Чын куран 2020 11:53 Бишкек Govori.TV

Кытай Кыргызстанга COVID-19 вирусун ыкчам аныктоочу 21  миң даана SARS CoV-2 Antibody test реагенттерин берди. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Бул медициналык каражаттарды берүү иш чарасына Кытайдын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов катышты.

Аталган тесттер 20 мүнөттүн ичинде коронавирусту аныктап, вирустун жайылышын алдын алат. Илдетти аныктоодо реакция оң чыкса, милдеттүү түрдө ПЧР-анализ (Полимераздык чынжырдуу реакция) жүргүзүлөт.

Бул экспресс-тесттер Кытайда, Түштүк Кореяда жана башка өлкөлөрдө коронавирусту аныктоодо жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны  130га жетти. Алардын ичинен 5 адам айыгып, бирөө каза болду.

Количество просмотров: 215