• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Кытай менен чектешкен аймакка соода-логистикалык борбор курулушу мүмкүн

4 Жетинин айы 20199:03 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдү Кыргызстандын Кытай менен чектеш аймагына соода-логистикалык борбор курууга чакырды. Бул тууралуу ал ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Ташкентте өткөн жыйынында билдирди.

— Бул долбоор ШКУ мамлекеттеринин транзиттик дараметин жана соода-экономикалык аймак аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталат. Аны ишке ашыруу бардык өлкөлөргө экономикалык жана коммерциялык пайда алууга шарт түзөт, — деп билдирди өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев бул долбоорду ишке ашыруу бардык өлкөлөргө экономикалык жана коммерциялык пайда алууга шарт түзө турганын кошумчалады.

ШКУ — 2001-жылы 15-июнда түзүлгөн, туруктуу иштөөчү өкмөт аралык уюм. Анын курамында Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Пакистан, Индия, Орусия жана Кытай бар.

Төрт өлкө — Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголия — байкоочу-мамлекет макамында. Алты өлкө — Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка — ШКУ диалогу боюнча өнөктөш.

Количество просмотров: 47