Ухань шаарында коронавирусту дарылоо үчүн пландалган оорукананын курулуш иштери бүттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
1000 кишиге ылайыкташкан оорукана 10 күндө курулуп бүттү жана 3-февралда колдонууга берилет. Хошэньшань шаарында курулган ооруканада пациенттерди атайын провинцияга чакырылган 1400 аскер медициналык кызматкерлери дарылашат.
Ал эми экинчи жаңы оорукананы Лейшеншань шаарында куруп жатышат. Анын ачылышы 6-февралга пландалууда.