Telegram-каналынын «Бишкек сегодня» тайпасынын колдонуучулары бүгүн, 19-январда, саат 19.30да жер силкинүү болгонун сезишкенин жазышты.
EMSC порталы жазганына караганда, жер силкинүү Синьцзянь-Уйгур автономдук аймагынын түштүк тарабында Бишкек убактысы боюнча саат 19.28де болгон.
Очогу Алматыдан 391, Нарындан 210 жана Ат-Башыдан 193 чакырым алыстыкта жайгашкан. Магнитудасы 5,7 баллга жетип, тереңдиги 10 чакырымды түздү.