Кыргызстандын жогорку окуу жайларында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, республиканын мамлекеттик университеттериндеги коррупцияны аныктоо боюнча иш-чаралардын алкагында, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин факультеттеринин жетекчилери тарабынан уюштурулган, Кытайдагы гранттык орундарга окууга кабыл алуу үчүн, студенттерден 900 доллар өлчөмүндө акча каражатын алуу боюнча коррупциялык схема аныкталган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында пара талап кылгандыгы үчүн «И.Б.М.» жана «А.С.Х.» аттуу жарандар кармалып, өз кезегинде «Б.Р.С.» аттуу жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.