• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кытайдан келген 123 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө

14 Бирдин айы 2020 9:10 Бишкек Govori.TV

Дагы 591 киши жашаган жериндеги медициналык мекемелердин текшерүүсүнөн өтүп турууга милдеттендирилген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда коркунучтуу вирусту жуктуруп алгандар катталган жок, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

Акыркы суткаларда өлкөгө сырттан кирген 25 миңден ашуун адам тепловизор көзөмөлүнөн өткөрүлгөн.

28-январдан бери Кыргызстанга 7054 адам Кытайдан келген, алардын ичинен 190у кытайлык жарандар, калгандар кыргызстандыктар.

Кытайдын өзүндө өпкөнү сезгенткен илдеттен көз жумгандардын саны 1488ге жетти, дээрлик 7 миң киши ооруну жуктуруп алган. 6982 адам айыгып чыкканын аймактык бийликтин маалыматына таянып, «Ванъи» агенттиги кабарлады.

Жаңы вирустун очогуна айланган Кытайдын Хубэй провинциясынын жетекчилиги акыркы бир суткада 243 киши илдеттен көз жумганын 13-февралда билдирген. Буга чейин бир күндө эң көп 103 киши өлгөн эле.

Количество просмотров: 79