• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Кытайдан келген кыргызстандык 40 студент карантинден чыгарылды (сүрөт)

26 Бирдин айы 2020 19:10 Бишкек Govori.TV

Кытайдан келген кыргызстандык 40 студент карантинден чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алар Кытайдан келгенден кийин 14 күндүк карантинге жаткырылган болчу. Учурда абалы туруктуу, эки жолу анализ алынып, коронавирус аныкталган жок. Карантин учурунда медицина кызматкерлери менен гана байланышта болушту.

Аталган студенттер 13-февралда Үрүмчүдөн Казакстанга келип, андан кийин Бишкекке алынып келген.

Бүгүн, 26-февралда саат 16:30га карата Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

Количество просмотров: 153