• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кытайдан Кыргызстанга келген кош бойлуу келин өзүнчө палатага жаткырылды

18 Бирдин айы 2020 9:46 Бишкек Govori.TV

Кытайдан Кыргызстанга учуп келген кош бойлуу келин Бишкектеги перинаталдык борбордун өзүнчө палатасына жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

«24 жаштагы келиндин курсагындагы түйүлдүккө 32 жума болгон. Ал Кытайдагы университеттердин биринде окуп жаткан. Келин 16-февраль күнү Москва аркылуу учуп келген. Бишкекке конгондон кийин толук изилдөөдөн өтүү үчүн жугуштуу оорулар клиникасына жиберилген. Келин Ухандын оору чыккан Хубэй провинциясында болгон эмес, Ляонинг провинциясынын Шеньянь шаарында жашаган», — деп айтылат маалыматта.

Кош бойлуу келин коронавирус жана грипп инфекцияларынан толук иликтенип, жыйынтыгында оору жуктурбаганы аныкталган. 16-февраль күнү саат 20:40 чамасында ичи ооруй баштагандан кийин, дарыгерлер аны төрөт үйүнө, тагыраагы, Бишкектеги перинаталдык борборго жеткиришкен. Учурда келин атайын өзүнчө палатага жайгаштырылган, абалы канааттандырарлык.

Саламаттыкты сактоо министрлиги келин Бишкекке чейин үч күн бою улам учак которуп, жолдо болгонун кошумчалады. Ага ылайык, кош бойлуу Шеньянь – Үрүмчү — Бээжин – Москва – Бишкек каттамында жүргөнү да анын абалына таасир этүүсү ыктымал.

Өпкөнү сезгенткен коркунучтуу илдетке кабылгандардын саны 71 миңден ашты. Анын ичинен 70 миңден ашууну Кытайда катталган. Каза болгондордун саны 1770 адамга жетти. Бул тууралуу 17-февралда Кытайдын Cаламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясы кабарлады.

Акыркы бир сутка ичинде вирус жаңыдан жуккан 2048 киши катталган. Бир сутка ичинде каза болгондордун саны 105 адам болду.

Количество просмотров: 108