Кытайдын Ухань шаарынан казакстандык 61 студент эвакуацияланат. Алар мекенине келгенде эки жумага изоляторго жайгаштырылат. Бул тууралуу Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин бүгүн, 28-январдагы маалымат жыйында билдирди.
«Бүгүн эртең менен биздин өкмөт Кытайдын өкмөтүнө Ухань шаарынан казакстандык 61 студентти эвакуациялоо ниетин билдиргени жарыяланды. Атайын бортту коргоочу кийим жана бет кап кийген дарыгерлер коштоп келет», — деди Бекшин.
Дарыгер кошумчалагандай, учак келгенден кийин дезинфекцияланып, ал эми студенттер изоляторго жаткырылат.
«Кытай тараптан биздин учактын учуусуна макулдук күтүп жатабыз. Биздин туристтердин жана башка жарандардын келүүсүн күтүүдөбүз. Ошонуктан чек араны жабуу мүмкүн эмес», — деди ал.
9-январда кытайлык эпидемиологдор Ухань шаарында вирустун жаңы түрү — коронавирус (2019-nCoV) пайда болгонун аныкташкан.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, коронавирус — бир нече ооруну — сасык тумоодон баштап курч респиратордук белгилерди пайда кыла турган вирустардын топтому. Вирустардын 39 түрү бар, алардын ичинен алтысы адамдын өмүрүнө коркунуч жаратат.
Коронавирус жуктуруп алган адам чыйрыгып, жөтөлүп, күйүгүп, дем алууда кыйналат. Оору күчөп кеткенде өпкө сезгенип, бөйрөктүн иштөө функциясы бузулат.
Булак: АКИпресс.