• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Кытайлык инвесторлорду коргоо үчүн Кытайдан күзөтчүлөр тартылат деген маалыматка Өкмөттүн жообу…

26 Баш оона 201916:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.08.2019.Govori.TV.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты маалыматтык сайттардын биринде, ошондой эле социалдык тармактарда чыгып жаткан Кытай жарандары болгон инвесторлордун укуктарын коргоо үчүн кытай күзөт агенттиктерин тартуу мүмкүндүгү тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбей тургандыгын билдирет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабрлады.

«Кыргызстандын Өкмөтү ак ниет иштеген, өлкөгө жана жергиликтүү коомчулуктун өнүгүшүнө өз инвестицияларын салган инвесторлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону өзүнүн башкы артыкчылыктарынын бири деп эсептейт. Учурда КР ИИМ курамында кендерди жана өнөр жай объекттерин коргоо боюнча адистештирилген башкармалык (КӨОКАБ) түзүү долбоору КР Өкмөтүнүн Аппаратында каралууда.
Жалган маалыматты тараткан жактар КР мыйзамдарына ылайык, жоопко тартылат. Бул факты боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан текшерүү башталды»,-деп айтылат маалымтта.

Мындан тышкары кыргыз өкмөтү, жарандарды бул сыяктуу чагымчыл билдирүүлөргө алдырбоого чакырышкан.

Количество просмотров: 13