• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кызайым Заирова: ““Кыйын” долбооруна келүү өзү эле кыйын болду”

17 Чын куран 202511:10 Бишкек Govori.TV

11-12-13-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында он үчүнчү тренингин өткөрдү. Ош шаарында өткөн бул тренингге өлкөбүздүн түштүк аймагынан жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келди.

Алардын бири Кызайым Заирова Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин жоопту катчысы болуп иштейт.

«Долбоорго келүү өзү эле кыйын болду. Себеби, мага чалып «сиз өттүңуз, эфирде сүйлөйсүзбү?» дегенде эле мен ойлоно баштадым, «эмне тууралуу айтам» деп. Бул долбоордо бизге керектүү маалыматтар айтылып, мыкты тренерлер келиптир. Өзүмдө үстүртөн болгон билимимди ушул жерден тереңдеттим», — дейт ал.

Количество просмотров: 244