Бишкек.26.04.2019.Govori.TV.
Кытайда башына каз капыстан кулаган мотоциклчен кыз ооруканага түштү. Бул туурасында Daily Mail жазды.
Кытайлык кыз Цяньнань-Буи-Мяоск (Гуйчжоу провинциясы) аймагынын жолунда бейкапар кетип бара жаткан.
Видеодон бир учурда анын башына капыстан кадимки эле каздын кулап түшкөндүгүн көрүүгө болот. Кыз тең салмактуулугун сактай албай, мотоцикли менен калдактап барып, жол четинде токтоп турган автоунаага урунган.