Кызмат басып алуу кесиптик лицейлерге дагы жетти. Бул тууралуу Рита Карасартова Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.
«Таластан, лицейди башкарып атып пара алып соттолгон Мамбетова Замира аттуу айым, Бишкек шаарында жайгашкан, иши боюнча эң жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөн 10 кесиптик лицейге жулунуп келип, мен директор боломун дем басып алуу аракетин көрүптүр. Баскычтар директорду сабап, ооруканага жатып калыптыр.
Башталгыч кесиптик билим берүү Агенттигинин директорунун орун басары Кыдыралиев Бакыт Таластык жердешин колдоп койгон окшойт, антпесе басып алууга баруу мыйзамсыз деп табылып калат эле. Ушинтип паракорлорду эптеп жумушка алайын десе, миллиондоп контракт аркылуу каражат тапкан лицейлер талкаланатда», — деп жазган Карасартова.