• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Кызматка жаңы киришкен Балбак Түлөбаев кадр алмаштырып баштады

27 Тогуздун айы 202012:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп кызматка жаңы киришкен Балбак Түлөбаев кадр алмаштырып баштады. Анын айтымында эң биринчи кадрдык дайындоо жүргүзүп, ал жардамчысы кылып Дастан Шаршеевди алган.

Мындан башка да алдыда дайындоолор боло турганын белгилеген Түлөбаев кийинчерээк маалымат толук берээрин айтты.

Маалым болгондой учурда эки вице-мэр кызматынан бошотулган.

Маалыматка ылайык, чарба маселелери боюнча вице-мэр кызматын аркалап жаткан Алимбек Абдылдаев жана социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева кызматтан бошотулду.

Количество просмотров: 343