• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кызматкерлер компьютердин зыяндуулугу үчүн кошумча акы алууга укуктуу

6 Бештин айы 2018 15:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.11.2018. Govori.TV
Компьютердин эң биринчи зыяны көзгө зыяндуулук алып келгендиги жалпыга маалым. Күнү бою компьютердин маңдайында отурган адам башкаларга караганда он жыл эрте карылыкка моюн сунаарын дарыгерлер айтып келишет. Анткен менен ансыз жашоону элестетүү да кыйын. Учурда ар бир адамдын жумушу компьютердин жардамына байланыштуу болгондуктан, анда нормадан ашыкча ден соолугуна залал келтирээрин адистер айтып эскертип эле келе жатышат…
Мындай зыяндуулук үчүн атайын ишкана болобу же мамлекеттик мекеме болобу катардагы кызматкерлерге кошумча акы төлөп берүү керек.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде шартка ылайык атайын нормативдер сакталбаганына байланыштуу кызматкерлердин ден соолугуна зыян келбей жатат деген кепилдик жок. Ага карабастан мекеменин кызматкерлерине компьютердин зыяндалуугу үчүн кошумча акы төлөнбөйт.
Өлкөдөгү компьютердин зыяндуулугу үчүн кошумча акы төлөнбөгөн жалгыз гана жогоруда айтылган министрлик эмес, дээрлик бардык мамлекеттик мекемелерде эле төлөнбөй келет. А бирок, айыл чарба министрлиги бул жаатта катардагы кызматкерлерине кам көргөн жалгыз гана мекеме болуп саналат.
Ансыз да айлык акы аз болгондон кийин, кошумча акча төлөө кызматкерлерге аз да болсо колдоо болот эле.

 

Количество просмотров: 133