• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Кызыл китепке» кирген илбирстин терилерин сатууга аракет кылган адам кармалды (сүрөт)

19 Чын куран 2021 13:32 Бишкек Govori.TV

КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) экологиялык коопсуздук жаатындагы мыйзамсыз аракеттерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө илбирстин 3 терисин мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткандар аныктады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирет.

Такталгандай, «К.А.С.» аттуу адам Тажикстан Республикасынын жарандарынан алган илбирстин үч терисин Ош шаарында 4 500 АКШ долларына сатууну пландаштырган. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында терилерди сатуу учурунда «К.А.С.» аттуу адам кармалды.

Белгилей кетсек, илбирс улуттук мыйзамдардын чегинде корголуп, Кыргызстандын «Кызыл китебине» кирген жаныбар, Бишкек шаарынын символу жана аны сатуу мыйзамсыз болуп эсептелинет.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 293-беренеси («Кызыл китепке кирген жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу») кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда бардык жагдайларды аныктоо жана башка шериктерин табуу боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Количество просмотров: 287