• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кызыл китепке кирген ителгини урдап бара жаткан казак жараны кармалды

23 Тогуздун айы 2018 15:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.10.2018. Govori.TV

Кыргызстандан кызыл китепке кирген ителгини мыйзамсыз алып чыгып бара жаткан казак жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, «Чалдыбар» көзөмөл өткөрүүчү жайынан чек арачылар казак жаранын текшеришкен. Анда  Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаасынан отургучтун алдына катылган кутудан ителги табышкан.  Казак жаранынын кушту алып жүрүүгө уруксат берген докуметтери болгон эмес.
Андан соң тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
Количество просмотров: 17