• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Кызыл китепке кирген жаныбарларды өлтүргөн австралиялык мергенчинин сындарга жооп берди

30 Тогуздун айы 201918:57 Бишкек Govori.TV

Кызыл китепке кирген жаныбарга аңчылык кылып, аны менен түшкөн сүрөтүн социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялаган австралиялык мергенчи Брэндон Роуз ага айтылган сындарга жооп берди.

Бишкектик кыз анын баракчасына Кыргызстанга экинчи кайтып келбешине үмүттөнөрүн жана ага жаныбарлардыкындай тагдырды каалай турганын жазган. Ал эми Брэндон ага тоо текесин жана Марко Поло аттуу тоо коюн атуу үчүн Кыргызстанга сөзсүз кайтып келерин айтып жооп берди.

с1

Буга чейин кыргызстандыктар «Change.org» сайтында мыйзамдын негизинде жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салынсын деген петицияны уюштурушкан болчу.

ав

Мыйзам долбоору боюнча 2020-жылдан тарта Кыргызстандын аймагында айрым жапайы жаныбарларга аӊчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталган. Алар: аркар-кулжа, теке-эчки, элик, марал-бугу, доӊуз. Тыюу салуу мөөнөтү – 10 жыл же мораторий 2030-жылга чейин созулууга тийиш.

австралия

Талкуудан кийин тармактык комитеттин чечими эске алынып, мыйзам долбоору четке кагылган.

Булак: АКИ пресс

Количество просмотров: 430