• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Өлүм жазасы тууралуу норманы кайра киргизүү тууралуу сунуш четке кагылды

25 Жетинин айы 2020 17:43 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда өлүм жазасы тууралуу норманы кайра киргизүү тууралуу сунуш четке кагылды. Бул тууралуу 25-ноябрда Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жаткан конституциялык кеңешменин Адам укуктары, эркиндиги жана милдеттери боюнча секциясынын жетекчиси Нурлан Шерипов билдирди.

“Себеби бул гумандуулук принциптерине туура келбей турганын, өлүм жазасын киргизүү артка кетүү болорун жана биздин эл аралык укуктар менен стандарттарды сактоо тууралуу милдеттенмелерибизди аткарбоо болорун айтып, бул сунушту четке кактык”, — Шерипов билдирди.

Количество просмотров: 75