• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өлүм жазасын киргизүү сунушу депутаттарды эки жээкке бөлдү

7 Аяк оона 2022 12:32 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы отурумунда бир катар депутаттар Кадамжайда мектеп окуучусу зомбулуктан каза болгон окуяга байланыштуу пикирин билдирип, балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн педофилдердин жазасын катуулатуу керектигин айтышты.

Депутат Ырысбек Атажанов Ички иштер министрлигинин жетекчилигин парламенттин жыйынына чакырып, алардан Кадамжайдагы окуя боюнча маалымат алууну сунуш кылды.

“Бул улуттук трагедия болуп жатат. Бир эле жолу эмес, жылда болууда. Бүгүн сөзсүз укук тартибин коргоо органдарынын маалыматын уксак ушул окуя боюнча. Чечкиндүү кадамдарга барсак, мыйзамдарды өзгөртүп, педофилдерге өлүм жазасын киргизсек жакшы болот эле”, — деди Атажанов.

ЖКда трибунага чыгып сөз алган депутат Акылбек Түмөнбаев кесиптештеринин айрым пикирлерине кошулуп, жазаны катаалдатууну талап кылды.

«Биз өлүм жазасын киргизбесек, мындай жоосунсуз жоруктар улана берет да. Ошондуктан баардыгыбыз бирдей колдоп, өлүм жазасын киргизели», — деди ал.

Депутат Марлен Маматалиев жазалоо чаралары күчөтүлгөн мыйзам жакында кабыл алынганын, бирок өлүм жазасына Кыргызстандын Конституциясы жол бербей турганын кошумчалады.

Ал эми депутат Медер Алиев өлүм жазасын киргизүү керек деп жаткан кесиптештерине жооп берип, өз пикирин айтты.

«Өлүм жазасынын артынан урматтуу кесиптештер күнөөсү жок адамдар өлүп калуусу мүмкүн. Тажырыйбада болгон… АКШда 15 жаштагы бала 9 жаштагы кызды зордуктап өлтүрдү деп өлтүрүлгөн. Кийин убакыт өткөн соң тергөө иштери аныктап чыкты, көрсө кылмышкер такыр башка экен. Советтер учурунда да ушул сыңары окуя катталган. Тергөө туура эмес жүргөн, кыйноолор болгон, бейкүнөө адам өлтүрүлгөн. Анан эле элге уккулуктуу деп эле, эртеңки күнү башка күнөөсүз адамдардын атылып кетүүсүнө биз себепкер болбошубуз керек», — деди депутат.

Эске салсак, 4-сентябрда Кадамжайда киши колдуу болуп каза болгон секелек кыздын сөөгү табылган. Ал Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 2008-жылы туулган тургуну К.А. аттуу мектеп окуучусу экени аныкталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жогорудагы факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголуп, иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Халмион айыл аймагынын үч тургуну кармалган. Кармалган 1997-жылы туулган М.Ш.,1995-жылы туулган Г.Д., жана 1998-жылы туулган А.у.С. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 1877