• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Лайфхак. Шыпыргыга телефон катып, абакка киргизүүгө аракет кылган

23 Бештин айы 202214:52 Бишкек Govori.TV

Чебердик менен шыпыргыга жашырган 4 уюлдук телефонду аялдардын абагына алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, комплекстүү ыкчам-профилактикалык иш-чаралардын алкагында жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө А.Г. аттуу жаран кармалган.

«Ал Степное айылында жайгашкан №2- түзөтүү мекемесинин аймагына сыртынан жөнөкөй көрүнгөн кадимки шыпыргыны киргизүүгө аракет кылган. Бирок жакшылап текшергенде төрт уюлдук телефон ичине чебердик менен катылганы анвкталды. ЖАК объектилеринде мобилдик байланыштар тыюу салынган буюмдардын катарына кирет», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 811