Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров «Россия 1» каналынын алып баруучусу Андрей Малаховдун кыргыздар тууралуу айткан сөзү тууралуу билдирүү жазды. Билдирүү социалдык тармактагы баракчага жайгаштырган.
«Малахов кыргыз элинен кечирим сурашы керек. Өз мезгилинде улуу кол башчы Тамерлан өзүнүн тилектеши Тохтамышты өлтүрүп Россияны куугунтуктан сактап калбаса, азыр биз улут катары жок болмокпуз. Ал эми кыргыздар улуу Түрк элинин бир бутагы жана биз аларды мазактоого моралдык укугубуз жок», — деп жазат маалыматта.
Бирок, бул тууралуу Орусиянын ТИМ башчысы чын эле жазганы же жазбаганын белгисиз жана расмий маалымат тарата элек.
Эске салсак, буга чейин теле алып баруучу Андрей Малахов “Россия 1” телеканалындагы “Прямой эфир” берүүсүндө кыргызстандык таксист менен россиялык миллиардер Александр Маруговдун уулунун мотоцикли кагышкан жол кырсыгын талкуулаган. Кырсыктын кесепетинен Маруговдун баласы каза болуп калган.
Берүү YouTube-каналына чыккандан кийин алып баруучу катуу сынга кабылды. Соцтармактын колдонуучулары maLOHov хештеги менен ага наалат айткан билдирүүлөрдү жазышууда. Көпчүлүк алып баруучу бүтүндөй кыргыз элинин намысына шек келтиргенин айтып, кечирим суроосун талап кылышкан.