• Бейшемби 18 Теке 2024
  • Четверг 18 Июль 2024

Лаззат Нургожоеванын жигитинин агасы да кармалганы кабарланды

11 Теке 2024 13:32 Бишкек Govori.TV

Kaktus.media порталы укук коргоо органдарындагы жеке булактарына шилтеме берип баңгизат ишине байланыштуу Лаззат Нургожоеванын жигити Афтандил Сабырбековдун агасы Тариэл Сабырбеков да кармалганын жазды.

Биринчи май райондук сот 6-июлда Афтандил Сабырбековду 3-августка чейин камакка алган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айып коюлуп жатат.

Ал баңгизат ишине байланыштуу кармалганы тууралуу маалыматтар 9-июлда тараган.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов бул сөздөрдү 10-июлда ырастап, “Афтандил Сабырбеков мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табууну аракет кылган” деп билдирген.

24-июндун кечинде Лаззат Нургожоева жигити Афтандил Сабырбеков Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) ижарага алынган тик учагы менен келип колун сураганын жана автоунаа менен гүл алып келгени тартылган виделорду социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Количество просмотров: 206