Бишкек.01.04.2019.Govori.TV.
Жаңы Зеландиядагы трагедиядан кийин Леди Гага мусулмандарды колдоп «Таң» сүрөөсүн окуду. Бул тууралуу интернетте видео тараган.
Ал эми айрым интернет колдонуучулар бул «Леди Гага эмес»,- дешүүдө.
Эске салсак, Жаңы Зеландиядагы мечиттеги терактыдан 50 киши каза болду. Анын 41и Крайстчерч шаарындагы мечиттеги кыргын учурунда өлсө, жети киши Линвуд шаарынын четиндеги мечитте каза тапкан. Эки киши ооруканадан үзүлгөн. 50дөй киши түрдүү жаракаттарды алган. Эки мечит бир-биринен 5 чакырым алыстыкта жайгашкан.