• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Лейлек районундагы Максат орто мектебинде окуу жанданды

19 Аяк оона 2019 16:19 Бишкек Govori.TV

Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүндөгү Максат орто мектебинде окуу процесси 19-сентябрда кайрадан башталды. Мындагы 196 окуучунун 50сү бүгүнкү сабакка катышты. Калгандары кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кийин коңшу айылдардагы туугандарынын үйүнө кеткен. Бул тууралуу Билим берүү жана  илим министрлиги кабарлайт.

Ошондой эле коңшу Бешкент айыл өкмөтүндөгү А.Момунов атындагы орто мектебинде да окуу процесси бүгүн жанданды. Бул мектепке 16-сентябрда Кулунду айылынын тургундары жайгаштырылган болчу. Билим уясында жалпы 305 окуучу бар. 

Белгилей кетсек, кечээ, 18-сентябрда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков кыргыз-тажик чек арасында орун алган ок атышуудан жабыркап, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунунда дарыланып жаткан Максат айылындагы мектептин информатика мугалими Замир Адинаев менен 8-класстын окуучусу Раимберди уулу Өткүрбектен кабар алган.

Министр жабылануучулардын ал абалын сурап, тезирээк айыгып кетишин каалады. Ошондой эле ал  жаракат алгандарга каржылык колдоо көрсөттү.

Количество просмотров: 45