• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Лейлек районунун акиминин эжеси пара алууга шектелип кармалды

13 Жалган куран 2020 11:11 Бишкек Govori.TV

Баткенде Лейлек районунун акиминин эжеси Ыргалай Бекмуратова пара алууга шектелип кармалды.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Рават айылынын 37 жаштагы тургуну кайрылган. К. аттуу жаранга 2020-жылдын 6-февралында телефон аркылуу өзүн чек ара коомунун төрайымы боломун деп тааныштырган Ы. аттуу аял “Бардык митингдерди токтотомун” деп 40 000 сом акча талап кылганын айткан.

Тергөө ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Ы. аттуу аял Баткен шаарындагы кафелердин биринен 10 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен кармалган. Бул факт Баткен ОИИБнын КЖБРне Жазык кодексинин 203-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап талап кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Өздүк булактар билдиргендей кармалган аял “Мээр жазы” коомдук уюмунун жетекчиси Ыргалай Бекмуратова. Ал Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовдун эжеси болот.

Булак: Элдик медиа

Количество просмотров: 49