• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Лейлекте мал уурдоого шектүүлөр кармалды

18 Чын куран 2022 15:47 Бишкек Govori.TV

Лейлек районунда мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 13-апрелде Лейлек районунун Кулунду айылынын тургуну 30 жаштагы А.Н. милицияга кайрылып, 2 баш уюн торпогу менен белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факт Лейлек райондук милициясына каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурулук») менен сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

«Ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүүлөр Интернационал айылынын тургуну 31 жаштагы Ж.Ф. жана Кадамжай районунун Алга айылынын тургуну 20 жаштагы Т.С. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул эки шектүүнүн дагы ушул сыяктуу 5 кылмышка тийиштиги бар экени жана Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын 28 жаштагы Р.Б. аттуу жаран алардын кылмыштуу шериги экендиги аныкталды»,-деп жазылат маалыматта.

Кылмышка шектелип кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 137