• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Лейлекте салык инспектору кармалды

28 Бирдин айы 2023 11:02 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Салык кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгынын карыздарды өндүрүү жана текшерүү бөлүмүнүн башкы салык инспектору Т.Б. тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталып, документтештирилди.

«Ал пландуу көчмө салыктык текшерүү учурунда кызматтын кызыкчылыктарына жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына карама-каршы келген, “Э.О.” ЖЧКнын өзгөчө ири масштабда өлкөнүн бюджетине түшүүчү салыктарынын көлөмүн азайтууга көмөктөшкөн. Башкы салык инспектор Т.Б. “Э.О.” ЖЧКсын текшерүү учурунда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген кышкы дизелдик күйүүчү майга (ТНВЭД коду 2710192900) акциздик салыктын ставкаларын эске албай, 1 тоннасына 5000 сомдун ордуна 400 сом көрсөткөн, натыйжада өлкөнүн бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Учурда Т.Б.нын аракетинен келтирилген материалдык зыян толугу менен калыбына келтирилип, бул кылмышка Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башка кызмат адамдарынын да катыштыгы бар экендиги такталууда, жана “Э.О.” ЖЧКсынын өкүлдөрүнүн аракеттерине укуктук баа берилет. Т.Б. кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. «,-деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштери уланууда.

Теги:
Количество просмотров: 72