• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Лейлекте тажик тарап кармап турган жарандарды бошотуу боюнча жолугушуу өттү

24 Бирдин айы 2021 9:45 Бишкек Govori.TV

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Борбордук—Арка (Худжант-Канибадам) унаа жолунун боюнда жайгашкан ресторанда кыргыз тараптын демилгеси менен Лейлек району менен Тажиктандын Б.Гафуров райондорунун акимдери, прокурорлору, УКМК, милиция кызматкерлеринин жана чек арачылардын жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Тurmush басылмасы жазды.

Маалым болгондой, жолугушууда 2 маселе каралды. Биринчи маселе — 2 өлкөнүн чек арага жакын жашаган элдеринин карым-катыш жана ынтымагын бекемдөө үчүн чогуу иш-чараларды уюштуруу. Экинчи маселе — Тажикстанда кармалган кыргызстандык 9 адамга жана кыргыз тараптан кармалган тажикстандык 15 адамга карата оор чараларды көрбөстөн жөнөкөйлөтүлгөн тартипте өткөрүп берүү.

Эске салсак, буга чейин 16-февралда Кыргызстандын 5 жараны Тажикстандын аймагында мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн кармалган. Бул жарандарга карата тажикстандык күч түзүмдөрү тарабынан тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Аларды Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Буга чейин УКМК социалдык тармактарда Тажикстандын күч түзүмдөрү тарабынан Кыргызстандын жарандары кармалып, барымтага алынышы тууралуу маалыматы чындыкка дал келбей турганын кабарланган.

Количество просмотров: 121