• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ленин округундагы шайлоо күнү милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

23 Бугу 2023 9:15 Бишкек Govori.TV

Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо учурунда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.

Ички иштер министрлиги кабарлагандай, Ленин району боюнча жалпы 51 жерде шайлоо участогунда милиция кызматкерлери тарабынан координациялоочу жумуштар жүргүзүлөт.

“Жакында эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын, эл аралык жана жергиликтүү байкоочулардын, эксперттердин катышуусунда өткөн президенттин жыйынында күч түзүмдөрүнө катуу тапшырмалар коюлду. Анын ичинде добуш сатып алууга жол бербөө, эгерде добуш сатып алуу фактылары каттала турган болсо, анда катуу чараларды көрүү, шайлоо ишмердигине аралашпоо, ар бир орган өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде иш алып баруу жана башка бир катар багыттар белгиленди. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнн саясатка аралашуусуна тыюу салынды», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Ленин районунан Жогорку Кеңештин депутаттын шайлоо үстүбүздөгү жылы 28-майда өтөт.

Количество просмотров: 64