• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ленин округундагы шайлоого канча акча жумшалары айтылды

1 Чын куран 2023 12:50 Бишкек Govori.TV

Жаныбек Абировдун ордуна №26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого 18 миллион 836,5 миң сом жумшалат. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

БШК КР Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын  бекитти.  Каражат шайлоого даярдык жана аны өткөрүү иштеринин чыгымдарына, шайлоо комиссияларын ачуу, техникалык жактан жабдуу, тартылган адистерге эмгек акы төлөөгө берилет.

Белгилей кетсек, Ленин районунан шайланган Жаныбек Абиров мушташка катышкан окучсынан кийинмандатын тапшырган. Мындан улам мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга белгиленди.

Количество просмотров: 132