• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ленин округунун талапкерлери шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты

30 Жетинин айы 2021 17:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы №26 Ленин райондук бир мандаттуу округдун талапкерлери добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы менен макул эмес. Бул тууралуу алар өз арызы менен БШКга кайрылышкан.

Маалыматка ылайык, шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгон талапкерлер БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабековага жазган арызында, шайлоо өнөктүгүндө жана добуш берүү күнүндө мыйзам бузуулар болгон.

Арызга 7 талапкер кол койгон.

Белгилей кетсек, БШКнын расмий сайтындагы акыркы маалыматтарга ылайык №26 Ленин округундагы талапкерлердин арасынан Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Жаныбек Абиров эң көп, тагыраагы 11 535 добуш алган. Андан кийинки орунда «баарына каршы» графасы турат, ага 10 700 адам добуш берген.

Ал эми талапкерлердин арасынан Равшан Жээнбеков 4 058 добуш, Максат Кунакунов 3 917 добуш алган.

Эскерте кетсек, электрондук эсептөөчү үкөктөрдөн алынган шайлоонун алдын ала жыйынтыгы өзгөрүп туруусу ыктымал.

Количество просмотров: 291