Бишкектин Ленин районунда беш бала-бакча иштеп баштады, ал эми Октябрь районундагы бала-бакчалар келерки жумада тартып иштөө алдында турат.
Вице-мери Татьяна Кузнецова айтымында, мектепке чейинки балдарды тарбиялоо мекемеге биринчи күнү эле 79 бала барган. Свердлов районунда 14, Биринчи май районунда 14 бала-бакча иштеп жатат.
Эске сала кетсек, бала-бакча иш-аракеттерин жандантуу чечими 5-июнда чыккан. Бирок иш баштоодон мурда алгач тарбиячылар ПЦР-тест тапшырып, мекемелердин имараттарында дезинфекциялоо иши жүргөн.