• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Тажикстан кыргыз-тажик чек арасын жапты. Лейлекте тажик солдаттарынын саны арбыды

8 Бирдин айы 2018 15:39 Бишкек Govori.TV
 Бишкек. 08.02.2018. Govori.TV
Тажикстан 8-февраль күнү кыргыз-тажик чек арасын убактылуу жапканын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, «Кулунду» жана «Кайрагач» өткөрүү бекеттеринен адамдардын, транспорт каражаттары жана жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө тыюу салынды.
Бүгүн бир катар социалдык тармактарда баткендеги Кулунду-Максат авто жолунун боюнча чуу чыгып, анда Тажикстандын чек арачылары тарабынан кыргызстандыктар каттаган жол буулганы тууралуу тасмалар тараган. Андагылары коңшулардын чек арачы жоокерлери кырзыгдардын каттамын бууп, бир тараптуу мыйзам бузуп жатканы айтылган.

Опубликовано Тадж Махал Бадаландабад Среда, 7 февраля 2018 г.

 

Бул боюнча Govori.TVнын кабарчылары Мамлекеттик чек ара кызматы менен байланышканда, талаштуу жагдай жаралганын, бирок, ушул тапта абал тынч экенин кызматтын маалымат бөлүмүнөн билдиришти.

Анда белгилүү болгондой, “Кулунду-автодорожный” жана “Кайрагас-автодрожный” өткөрмө пунктарын тажик тарап убактылуу жаап, каттаган унаалар менен жүктөрдү токтоткон. Бул өткөрмө пунктар эл аралык жол каттамы болгондуктан өзгөчө стратегиялык мааниге ээ.  “Ошондой эле Тажикстан Республикасынын чек арачылары Лейлек районунун Сай аймагына өтүүчү дарыядагы көпүрөөнү да убактылуу тосуп, ал жердеги чек арачылардын санын көбөйткөн. Анткени, буга чейин Сада конушуну тургундары дал ушул көпүрө аркылуу Сай аймагындагы мектепке катташчу. Бүгүнкү коңшулардын чек арачыларынын иш аракеттери окуучулардын каттоосун да кыйындаткан”,-деп айтылат чек ара кызматы тараткан маалыматта.

Ошондон улам ушул тапта Кыргызстандын чек арачылары Тажикстандын чек арачылары менен жолугушуу уюштуруп, чек ара тилкесиндеги абалды турукташтуруу жана бир тараптуу тосмолорду ачуу боюнча сүйлөшүүнү башташкан. Азыркы учурда эки тараптын эмне чечимге келгени билине элек, бирок, чек арадагы кырдаал тынч экенин билдирет чек ара кызматынын маалымат бөлүмү.

Опубликовано Тадж Махал Бадаландабад Среда, 7 февраля 2018 г.

 

Эске сала кетсек, өткөн жумада Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстанда иш сапары менен болуп, Эмомали Рахмон менен бирге чек ара маселесин чечүү боюнча макулдашканына күбө болгонбуз.

Количество просмотров: 9