• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Лимонти” каймана аты бар кримтөбөл өлтүрүлдү

28 Жалган куран 202015:42 Бишкек Govori.TV

Нарын шаарында “Лимонти” каймана аты менен таанымал кримтөбөл Алмаз Сулайманов өлтүрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар күч структураларындагы булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Нарын шаарында бүгүн,  28-март күнү түшкү саат 13:00дөр чамасында унаада отурган А. Сулаймановду белгисиз бирөө бычактап кеткени айтылат.

Коомчулукта ага кол салган адам 2000-жылдары Нарында А. Сулайманов тарабынан өлтүрүлгөн Имаш Шамиевдин уулу деген сөздөр айтылууда.

Бул боюнча ИИМ расмий маалымат тарата элек.

Количество просмотров: 3566