Бишкек.07.08.2019.Govori.TV.
Лимонти лакап аты менен таанымал криминалдык төбөл Алмаз Сулайманов жатак абакка которулду. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, уюшкан кылмыштуу топтун лидери Чүй облусуна караштуу Беловодское айылындагы № 16 колонияда жазасын өтөгөн. Өткөн жумада аны Балыкчыдагы жатак абакка которушту.
Эске салсак, Алмаз Сулаймановду адам өлтүрүү, каракчылык менен талап-тоноо жана пара талап кылуу беренелери боюнча камашкан. 1999-жылы Нарын райондук соту Лимонтини атуу тууралуу өкүм чыгарган. Бирок, өлүм жазасын аткарууга ал кезде мораторий жарыяланган болчу.