• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Лимонтини өлтүрүүгө шектелген Шамиев сот залында оозун тигип алды

14 Үчтүн айы 2022 17:42 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Лимонти каймана аты бар кримавторитет Алмазбек Сулаймановдун өлүмү боюнча соттук отурум уланды.

Судья айыпталуучу Талгат Шамиевдин соттук териштирүүсүн узартуу жана баш коргоо чарасын кароо зарылдыгын билдирди.

Буга чейин жактоочу айыпталуучуга карата баш коргоо чарасын 28-январга чейин гана тандоону суранган. Ал түшүндүргөндөй, Талгат Шамиевге карата кылмыш иши Нарын шаардык сотуна 2021-жылдын 28-январында келип түшкөн. Жаңы жазык мыйзамына ылайык, айыпталуучуну акыркы өкүмү жок бир жылдан ашык камакта кармоого жол берилбейт.

Айыпталуучу Талгат Шамиев оозун тигип, ачкачылык жарыялап, судьяга каршылыгын көрсөттү.

Сот залдан чыгарып салган Шамиевдин тарапташтарынын жана милиция кызматкерлеринин ортосунда коридодон пикир келишпестик орун алды.

Эске салсак, Лимонти каймана аты бар кримавторитет 2020-жылдын 28-мартында Нарын шаарында өлтүрүлгөн. Соттолуучу Талгат Шамиев анын сөөгүн РИИБге алып келип, кылган ишин мойнуна алган. Белгилүү болгондой, адам өлтүрүү өч алуу негизинде жасалганы айтылган. Белгилей кетсек, Алмазбек Сулайманов (Лимонти) 1998-жылы айыпталуучунун атасы, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Имангазы Шамиевди мыкаачылык менен өлтүргөн.

Количество просмотров: 7769