• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Лимонтини» өлтүрүү үчүн шек саналган жаран 28-майга чейин камакка алынды

30 Жалган куран 2020 15:54 Бишкек Govori.TV

Нарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Алмаз Сулаймановду өлтүрүү үчүн шек саналган Талгат Шамиев 28-майга чейин камакка алынды. Бишкектин Биринчи май райондук соту ушундай чечим кабыл алганын кабарлады. Мекеменин маалыматына ылайык, кылмышка шектүү УКМКнын тергөө абагына камакта болмокчу.

Нарын шаарында «Лемонти» деген каймана ат менен таанымал кримтөбөл Алмаз Сулайманов 28-мартта өлтүрүлгөн. Бул кылмышка шектүү катары 25 жаштагы адам кармалганы кабарланган.

Милиция кылмыш эки адамдын ортосунда жол кырсыгына байланыштуу пикир келишпестиктен чыкканын кабарлаган. 

Количество просмотров: 1113