• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Түз эфир: Лимонтинин өлүмү. Айыпталуучу Талгат Шамиевдин тарапташтары соттун алдына чогулду

20 Үчтүн айы 2022 10:07 Бишкек Govori.TV

Лимонти каймана аты бар кримавторитет Алмазбек Сулаймановдун өлүмү боюнча кылмыш иште айыпталуучу катары өтүп жаткан Талгат Шамиевдин жакындары Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун имаратынн алдына чогулушту.

Буга чейин соттук отурумда жактоочу айыпталуучуга карата баш коргоо чарасын 28-январга чейин гана тандоону суранган. Ал түшүндүргөндөй, Талгат Шамиевге карата кылмыш иши Нарын шаардык сотуна 2021-жылдын 28-январында келип түшкөн. Жаңы жазык мыйзамына ылайык, айыпталуучуну акыркы өкүмү жок бир жылдан ашык камакта кармоого жол берилбейт.

Эске салсак, Лимонти каймана аты бар кримавторитет 2020-жылдын 28-мартында Нарын шаарында өлтүрүлгөн. Соттолуучу Талгат Шамиев анын сөөгүн РИИБге алып келип, кылган ишин мойнуна алган. Белгилүү болгондой, адам өлтүрүү өч алуу негизинде жасалганы айтылган. Белгилей кетсек, Алмазбек Сулайманов (Лимонти) 1998-жылы айыпталуучунун атасы, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Имангазы Шамиевди мыкаачылык менен өлтүргөн.

Количество просмотров: 112