Бүгүн, 28-мартта Нарында Лимонти каймана аты менен белгилүү кримавторитет Алмаз Сулайманов чак түштө киши колдуу болуп өлтүрүлдү. Бул маалыматты Нарын ОИИБ тастыктады.
Алмаз Сулайманов Нарын шаарынын борборунан саат 13:15 чамасында өлтүрүлгөн. Учурда шектүү кармалып, камакка алынды.
Белгилей кетсек, Лимонти каймана аты бар кримтөбөл Алмаз Сулайманов 1998-жылы өлтүрүлгөн Имаш Шамиевдин кылмыш ишине тиешеси болгон. Маркумдун уулу Талгат Шамиев атасынын өлүмү үчүн өч алганы айтылууда.
Кошумчалай кетсек, Алмаз Сулайманов 1971-жылы туулган. Мурда бир нече жолу соттолгон. 2006-жылы 30 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылдын май айында Аламүдүн райондук сотунун чечими менен Алмаз Сулайманов абактан ден соолугуна (кургак учук диагнозу коюлган) байланыштуу мөөнөтүнөн эрте бошотулган. 2011-жылы ага карата эл аралык издөө жарыяланган. 2013-жылы да Казакстандын Алматы облусунан кармалып, Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүлгөн. Андан соң ал 20 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Алмаз Сулайманов Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарындагы №51 жатак абагынын Нарындагы өндүрүш участогунда жазасын өтөп жүргөнүн билдирген.