«Барселона» клубунун чабуулчусу Лионель Месси футбол боюнча алдыңкы 5 Европа лигасында каршылашын мыкты алдап өтүүчү футболчу аталгандыгын Squawka сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, Opta Sports компаниясы 2006-2007-жылдагы сезондон баштап мыкты алдап өткөн футболчулардын статистикасын жүргүзө баштаган. Акыркы 13 жылда Месси бул көрсөткүчтө мыкты деп табылып келет.
Аргентиналык оюнчу 1880 жолу каршылашын алдап өткөн, алардын 57,2%ы жемиштүү болгон. Экинчи орунда «Реалдын» оюнчусу Эден Азар турат (1220, 57,1%). Үчүнчү сапка «Фиорентина» командасынын жарым коргоочусу Франк Рибери (939, 47,9%) жайгашкан.
Ал эми, Криштиану Роналду тизменин бешинчи орунуна илинген. Ал 816 жолу алдаса, 44%ы жемиштүү болгон.
Алдыңкы 5 Европа лигасындагы 10 мыкты футболчу:
Булак: Кабар