• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Литва менен Орусия тыңчылыкка айыпталгандарды айырбаштады

16 Жетинин айы 2019 10:10 Бишкек Govori.TV

Орусияда тыңчылыкка айыпталган литвалык эки жаран кое берилди. Бул тууралуу Литванын контрчалгындоо кызматынын башчысы Дарюс Яунишкиске шилтеме берүү менен Рейтер агенттиги билдирди.

Евгений Матайтис жана Арстидас Тамошайтис, норвегиялык Фрод Берг Литвада тыңчы деп соттолгон эки орусиялыкка айырбашталды.

Матайтис менен Тамошайтис 2016-жылы орусиялык аскердик сыр маалыматты өз өлкөсүнүн кызматтарына беришкен деп айыпталышкан.

Норвегиянын премьер-министри Эрна Солберг Орусияда тыңчылык үчүн 14 жылга кесилген Берг Литвадагы норвегиялык өкүлдөргө өткрүлүп бергенин бышыктады.

15-ноябрда Литванын президенти Гитанас Науседа тыңчылык үчүн соттолгон орусиялык эки жаран – Николай Филипченко менен Сергей Моисеенконун күнөөсүн кечирген.

Президенттин маалымат кызматы белгилегендей, бул чечим тыңчылыкка айыпталгандарды айырбаштоо тууралуу жаңы мыйзамдын негизинде кабыл алынды.

Филипченко Орусиянын коопсуздук кызматынын кызматкери катары Литванын жогорку расмий адамдарын кызматташууга азгыруу аракетин көргөн деп айыпталып, 2017-жылы 10 жылга соттолгон.

Мосиеенко Шауляй аба базасында кызмат өтөгөн литвалык офицерди кызматташууга тарткан деген айып менен 10 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Бирок ал күнөөсүн четке каккан.

Количество просмотров: 26