• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өлкө аймагында 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

2 Чын куран 20268:52 Бишкек Govori.TV

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, саат 05:28де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарында, Мырза-Арык, Кароол айылдарында 4,5 балл, КуршабМырза-Аке, Красный-Маяк айылдарында 4 балл, Кара-Суу, Отуз-Адыр, Курбу-Таш, Салам-Алик айылдарында жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ничке-Сай айылында 3,5 балл, Ош, Жалал-Абад жана Көк-Жангак шаарларында 3 баллга чейин сезилген (Өзгөн шаарынан 3 чакырым түштүк-батышта, Куршаб айылынан 5 чакырым түндүк-чыгышта, Ош шаарынан 45 чакырым түндүк-чыгышта).

Учурда жер жерлеринде тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 165