• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өлкө аймагында 947 миң 614 жаран добуш берүүгө катышты

10 Үчтүн айы 2021 17:02 Бишкек Govori.TV

Өлкө аймагында саат 16:00гө карата жалпы 947 миң 614 жаран мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан президенттик шайлоо жана референдумга добуш берди. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, шайлоочулардын саны жалпы тизмеден 26,59 пайызды түздү.

«Бишкекте 105 миң 44, Ош шаарында 46 миң 203, Жалал-Абад облусунда 182 миң 194, Ысык-Көл облусунда 97 миң 279, Нарын облусунда 61 миң 164, Ош облусунда 193 миң 662, Талас облусунда 39 миң 447, Чүй облусунда 132 миң 491, Баткен облусунда 82 миң 746 жана чет өлкөлөрдө 7 миң 384 жаран добуш берди. Ал эми референдумга аймактар боюнча алганда Бишкекте 104 миң 499, Ош шаарында 46 миң 343, Жалал-Абад облусунда 182 миң 393, Ысык-Көл облусунда 97 миң 41, Нарын облусунда 60 миң 971, Ош облусунда 192 миң 918, Талас облусунда 39 миң 439, Чүй облусунда 132 миң 479, Баткен облусунда 82 миң 655 жана чет өлкөлөрдө 7 миң 366 жаран добуш берди»,-деди Шайлдабекова.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Өлкөдө 2438, чет мамлекеттерде 48 добуш берүү тилкеси ачылган.

Количество просмотров: 162