Өлкө аймагында дагы 331 адам коронавирус менен пневмониядан дарыланып, бүгүн, 9-июнга караган суткада ооруканалардан чыгарылды.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 101 364 адам коронавирус менен пневмониядан айыккан.