• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Өлкө аймагында нөшөрлүү жамгыр жаашы күтүлөт

23 Кулжа 202418:35 Бишкек Govori.TV

Өлкө аймагында нөшөрлүү жамгыр жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, 24-25-июнь күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Буга байланыштуу:

  • ички чарбалык арыктарды тазалап, жээктерин бекемдеңиз;
  • арыктарга таштанды таштабаңыз;
  • арыктын нугун бүтөп, көпүрө салбаңыз;
  • сел суусу каптап баштаганын көрсөңүз, электр жарыгын, газды өчүрүп дароо үйдөн чыгыңыз;

Кырсык катталганда 112 номерине байланышыңыз.

Количество просмотров: 672