• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Өлкө аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

6 Тогуздун айы 20259:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-октябрда саат 02:29да Кыргызстанда очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Башкы-Терек айылында 5,5 балл, Чакмак-Суу айылында 5 балл жана Талас облусунун Талас шаарында 4 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Учурда Сейсмология институту кошумча тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 179