• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өлкө боюнча сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталды

14 Бештин айы 2021 10:23 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир суткада 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында 1, Ош облусунда 5, Чүй облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Ош облусунун Кара-Суу шаарында “Daewoo Lanos” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айылында таштанды ташуучу “КамАЗ” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Өзгөн шаарында турак үйдүн 30 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айылында аянты 10 чарчы метр болгон сарай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 78