Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов өлкө боюнча өзгөчө абал эмес, өзгөчө кырдаал режими киргизилип жатканын айтып, экөөнүн айырмасы тууралу билдирүү кылды.
«Тактап айтчу нерсе, бул өзгөчө абал эмес, өзгөчө кырдаал. Бул жерде атайын эпидемиялык иш-чаралар жүргүзүлөт. Элдердин жүрүм-турумуна чектөөлөр болот. Өзгөчө абалга караганда жеңил болот. Экономикалык иш-чаралар башка маселелердин баары күнүмдүк турмушта жүргүзүлө берет. Ал эми зарылдыгы жок башка жакка чыгууга, эл көп чогулган жерлерге барууга тыюу салынат», — дейт Боронов.
Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 6 жаӊы учур катталганы айтылды. Ооругандардын жалпы саны 12 адам.